Бишкек, 18.11.26 /Кабар/. Баткен облусунун башчысы Мамыржан Рахимов Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык жылуулук ишканасынын ишмердүүлүгү жана кышкы жылытуу мезгилине даярдыгынан кабар алды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, ишкана жалпы 2000 абонентти жылуулук менен камсыздайт. Алардын ичинен 13ү мамлекеттик, 29у коммерциялык мекеме жана 45и көп кабаттуу турак үй.
Белгилүү болгондой, быйыл Кызыл-Кыя шаарына жылуулук берүү 5-ноябрда башталган. Ишкананын жылдык көмүргө болгон керектөөсү 7 000 тоннаны түзөт. Учурда 2 700 тонна көмүр камдалып, жеткирилген. Муктаждыкка жараша дагы улам ташылат.
"Облус башчысы тиешелүү адистер менен биргеликте ишкананын кубаттуулугун жогорулатуу, жылуулук насосторун сатып алуу аркылуу жылуулук менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана шаардагы борбордук жылуулук тармагына туташтырыла элек алыскы аймактарга чейин жылуулук жеткирүү боюнча долбоорлорду даярдоо маселелерин талкуулады",-деп айтылат маалыматта.