Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында жергиликтүү бюджеттин жана дем берүүчү гранттардын эсебинен жалпы 57,8 млн сомдук инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.
Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиргендей, анын ичинен 46,6 млн сом жергиликтүү бюджеттен, 11,2 млн сом дем берүүчү гранттардан бөлүнгөн.
Каражат билим берүү мекемелеринин шарттарын жакшыртууга, жолдорду оңдоого, шаарды көрктөндүрүүгө жана балдар үчүн спорттук-оюн аянтчаларын курууга багытталган.