Кызыл-Кыя шаарын таза суу менен камсыздоого 1 млрд сом бөлүнөт

Аймак 12 октябрь 2026 22:10
Кызыл-Кыя шаарын таза суу менен камсыздоого 1 млрд сом бөлүнөт
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын тургундары менен жолугушууда Кызыл-Кыя шаарындагы таза суу маселесин чечүү боюнча тапшырма берди.

Жолугушууда жергиликтүү тургун шаарда таза суу тартыштыгы бар экенин, суу коңшу Кадамжай жана Ноокат райондорунан тартылып келерин айтты.

Мамлекет башчысы таза суу менен камсыздоо долбоорун иштеп чыгып, анын сметасын бекитип, ишти баштоону тиешелүү органдарга тапшырды. Жыйында шаар мэриясы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр экенин маалымдады.

Президент долбоорду ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 1 млрд сом бөлүнөрүн билдирди.