8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Араван районунун тургуну Ысык-Көлдөн табылды

Коом 7 апрель 2025 11:34
8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Араван районунун тургуну Ысык-Көлдөн табылды
copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 07.04.25./Кабар/. 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Ысык-Көлдөн табылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 16-сентябрда Кызыл-Кыя ШИИБге Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну кайрылып, баласы 35 жаштагы Төрөкулов Акбар Мажитович Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиева көчөсүндө жайгашкан автобекеттен Бишкек шаарына такси менен кетип, 11-сентябрь күнү апасына байланышка чыгып, ошол күндөн тартып дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, А.Төрөкуловдун жүргөн жери аныкталып, 2025-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан табылып, алып келинди.