Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Ысык-Көлдө форель балыгынын запасын көбөйтүү максатында 300 миң даана икра алынды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда аларды жасалма уруктандыруу жана атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу иштери жүрүүдө.
"Иштер 2026-2027-жылдарга карата мамлекеттик балык чарба көлмөлөрүндөгү балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү планынын негизинде жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Долбоор Балык өнөр жайы комплекси департаменти тарабынан Улуттук илимдер академиясынын Биология институту менен макулдашылган.