Ысык-Көлдөн 300 метрге жеткен эски торлор чыгарылды

Экология
Ысык-Көлдөн 300 метрге жеткен эски торлор чыгарылды

Бишкек, 28.10.26. /Кабар/. Күн мурун, 27-октябрда Ысык-Көлдө тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, Суучулдар кызматынын суучулдары тарабынан Тоң районунун Кызыл-Туу айылынын тушу тазаланган. Анда суу астынан болжол менен 300 метрге жеткен 3 эски тор чыгарылды.