Жергиликтүү калкка шарт түзүү. Кызыл-Кыя шаарына 10 жаңы автобус сатып алынды

Аймак Жүктөлүүдө... 29 Апрель 2025 16:00
494420763_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
494749341_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
494186598_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
493907094_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
494171212_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
493950933_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
494352129_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
494648217_1221.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Кызыл-Кыяда шаардык транспорттук инфраструктураны жакшыртуу үчүн сатып алынган 10 жаңы автобус ишке киргизилди.

Аймактагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, айдоочуларга ачкычтарды тапшыруу аземи президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаевдин, шаар мэри Алтынбек Бектуровдун жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.

Абдирашит Ташбалтаев өз сөзүндө шаардык автопаркты жаңылоо жергиликтүү бийликтин шаардыктардын жүрүүсү үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү аракеттеринин натыйжасы экенин баса белгиледи:

"Шаарыбыздын көчөлөрүндө жаңы транспорт каражаттарынын пайда болушу - бул жергиликтүү бийликтин жарандардын шаар ичинде жүрүүсүн жеңилдетүүгө, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө умтулуусунун натыйжасы. Бардык жашоочуларды бул маанилүү окуя менен куттуктайм", — деди ал.

Жаңы автобустар лизинг схемасы менен Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду аркылуу сатылып алынган. Келишимдин жалпы суммасы 740 миң долларды түзгөн. Бул сумманын 20 миллион сому облусту өнүктүрүүгө республикалык бюджеттен бөлүнгөн 500 миллион сомдун эсебинен каржыланган.

Япониянын технологиясы менен чыгарылып, Өзбекстанда чогултулган бул автобустар жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу. "Кызыл-Кыя шаардык автоунаа" муниципалдык ишканасына жаңы техниканын келиши менен кошумча 18 жаңы жумуш орун түзүлдү. Буга чейин ишканада 38 адам иштеп келген.