Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Бүгүнтөн тартып Бишкек шаарында №37 жаңы автобус каттамы иштей баштайт.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, автобус ”Биримдик Кут“ конушун Курманжан датка көчөсү менен байланыштырат.
Жаңы каттам коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, шаар тургундарынын жүрүүсүн жеңилдетүүгө жана транспорттук байланышты жакшыртууга багытталган.