Декабрь айынын аягы жана январь айынын башында кыргызстандыктарды кышкы каникулдар, майрамдык дем алыш күндөр жана Жаңы жылдык эс алуу күтөт. Бул мезгил тоо курортторуна барып, активдүү эс алууга жана өлкөнүн кооз аймактарын кыдырууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.
Кыргызстан кыш мезгилинде да туристтерди бийик, ак карлуу тоолору, тунук көлдөрү жана кооз жаратылышы менен өзүнө тартат. Өлкөдө кышкы туризмди өнүктүрүүгө жана эс алууну уюштурууга шарттар кеңири. Быйылкы кышта да эс алуучуларды тоо койнундагы түрдүү эс алуу жайлары жана кызыктуу кышкы маршруттар күтүп турат.
Кыргызстанда эң популярдуу эс алуу жайларынын катарына “Каракол”, “Орловка”, “Чуңкурчак”, “Кашкулак”, “ЗИЛ”, “Тогуз-Булак”, “Норус”, “Кашка-Суу”, “Оруу-Сай” жана “Төө-Ашуу” тоо-лыжа базалары кирет.
Андан сырткары, быйыл алардын катарын Ысык-Көл облусундагы “Ала-Тоо Резорт” тоо класстери толуктап жатат. Атап айтканда, 1-декабрда анын биринчи фазасы — “Жыргалаң Резорт” курортун ачуу пландалууда.

“Ала-Тоо Резорт” ААКсынын башкармалыгынын төрагасынын кеңешчиси Аскат Чолпонбаев “Кабар” агенттигине билдиргендей, алгач узундугу 47 чакырымды түзгөн лыжа трассалары жана 6 заманбап асма аркан жол ишке киргизилет.
“Лыжа трассалары эс алуучулардын даярдык деңгээлине жараша - лыжа тебүүнү жаңы үйрөнүүчүлөргө, орто деңгээлдеги лыжачыларга жана тажрыйбалуу спортчуларга ылайыкталып, төрт категорияга бөлүнөт.
Мисалы, лыжа жана сноуборд жабдууларын ижарага берүү пункттары, ски-пасстарды сатуу жайлары, унаа токтотуучу аянтчалар, этношаарча жана туристтерди тейлөөгө багытталган башка объектилер ишке киргизүүгө даярдалууда. Курорттун аймагында 1400 унаага ылайыкталган токтотуучу жайдын курулушу да каралган.
Курорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо, саркынды сууларды тазалоо системалары жана ички жолдор сыяктуу негизги инженердик инфраструктура түзүлүүдө”, - деди ал.

Кеңешчи ошондой эле эс алуучуларды жайгаштыруу маселелерине да токтоло кетти.
“Учурда этношаарча курулуп жатат. Ага 40 боз үй, 23 модулдук жыгач үй жана скандинавиялык үлгүдөгү 36 үй жайгаштырылат. Этношаарчанын жарымы бүтүп калды. Бул объектилер толук ишке киргенде бир суткада 500гө жакын конокту түнөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Мындан тышкары, Жыргалаң айылында жергиликтүү тургундар тарабынан конок үйлөрү ачылып, мурдагы үйлөр оңдолуп, туристтерди кабыл алууга даярдыктар көрүлүүдө. Бул курортко келген эс алуучуларга жайгашуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.
Андан сырткары, жеке инвесторлор тарабынан мейманканалар, апартаменттер, коттедждер жана башка туристтик объектилер курулууда. Алар этап-этабы менен пайдаланууга берилген сайын курорттун конокторду жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңеет”, - деп белгиледи Чолпонбаев.

Кеңешчи ошондой эле “Жыргалаң Резорт” курортунун ачылышына карата туристтерге маалымат берүү, туроператорлор жана туристтик компаниялар менен кызматташуу иштери жүрүп жатканын айтты.
“Эс алуучулар үчүн ски-пасстарды электрондук түрдө сатып алуу системасын ишке киргизүү каралган. Анын негизинде туристтер келечекте билеттерди алдын ала, анын ичинде онлайн форматта сатып ала алышат.
Курорттун ачылышына карата жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтердин кызыгуусун арттыруу, туристтик компаниялар менен байланыштарды кеңейтүү жана маалыматтык кампанияларды жүргүзүү иштери улантылууда.
Алдын ала брондоо системасынын ишке кириши жана катталган туристтердин саны боюнча кошумча маалымат расмий түрдө такталгандан кийин берилет”, - деп белгиледи ал.

Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жыл жыйынтыгы менен Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандардын санын 12,5-13 млн адамга жеткирүү күтүлүүдө.
Кышкы сезонго карата жаңы туристтик продуктуларды жана кызматтарды түзүү, маркетингдик иш-чараларды өткөрүү, туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу, туристтик инфраструктураны жана транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Муну менен катар өлкөдө кышкы эс алууга болгон кызыгуу да өсүп жатканы байкалууда. Кыргызстан тоо лыжа спорту, фрирайд, сноуборд, кооз тоо жаратылышы жана улуттук маданияты менен чет өлкөлүк туристтерди кызыктырат.
Эл аралык деңгээлде туристтерди тартууда Кыргызстан кышкы туристтик багыт катары да таанытылууда. Туристтик компаниялардан жана эс алуу жайларынан түшкөн суроо-талаптардын негизинде кышкы сезонго даярдык көрүлүп жатат.
Кышкы туристтик сезондо эс алуучуларды лыжа базаларынан сырткары, Каракол шаары жана анын айланасындагы жаратылыш объекттери да туристтердин өзгөчө кызыгуусун жаратат.

Мындан тышкары, Бишкек шаарына жакын тоолуу аймактар, Нарын жана Жалал-Абад облустарынын кышкы жаратылышы, тарыхый-маданий объекттери жана жылуу булактары да туристтер үчүн кызыктуу багыттар болуп саналат.
Активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн Соң-Көлгө ат менен турлар, Ысык-Көлдүн капчыгайларына жөө баруу, кар унаалары менен тоо жолдорунда жүрүү жана бийик тоолуу аймактарда лыжа же сноуборд менен жүрүү жеткиликтүү.
Алдыдагы сезондо Каракол жана Чүй облусундагы лыжа базалары негизги туристтик борборлордун катарында болот деп күтүлүүдө.