Бишкек, 22.08.26 /Кабар/. 2026-жылдын 1–6-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баалары аныкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Оюндардын алкагында көрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү жана кирүү акысыз болгон иш-чаралар каралган. Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болот.
Ал эми "Рух Ордо" маданий борборунда, "Дордой Номад" амфитеатрында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түзөт. Чолпон-Атадагы жаңы Кичи аренада өтө турган көк бөрү жана көкпар боюнча финалдык беттештерге билеттер 1 000 сомдон сатылат.
Оюндардын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша төмөнкүдөй белгиленди:
- Борбордук жашыл сектор — 4 000 сом;
- Ак сектор — 3 000 сом;
- Кызыл сектор — 2 000 сом;
- Сары сектор — 1 000 сом;
- Көк сектор — 500 сом.
Билеттерди NEBS.GOV.KG Улуттук электрондук билет системасы аркылуу онлайн, ошондой эле расмий кассалардан офлайн сатып алууга болот.