Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы ”Рух Ордо” маданий борборунда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияда көчмөн элдердин маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Уюштуруучулар билдиришкендей, конференцияга 23 өлкөдөн 43 окумуштуу катышып, салттуу музыка, эпикалык жана оозеки өнөр, кол өнөрчүлүк жана башка маданий мурастарды кийинки муундарга өткөрүп берүү маселелерин талкуулашты.
Катышуучулар маданий мурасты сактоодо ”устат–шакирт” салтын өнүктүрүү, санариптик технологияларды колдонуу жана эл аралык илимий кызматташтыкты күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
“Конференциянын жыйынтыгында салттуу маданиятты сактоо, санарип архивдерди өнүктүрүү жана жаш изилдөөчүлөр менен өнөрпоздорду колдоо боюнча резолюция кабыл алынды”, - деп айтылат маалыматта.