Көчмөндөр оюндарынын жабылышы: Дрон-шоуда 1500 техника колдонулду

Көчмөндөр оюндары-2026 7 сентябрь 2026 15:10
copyright icon Маданият министрлиги

Бишкек, 07.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде 1500 дрондун катышуусунда масштабдуу жарык шоусу тартууланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Дрондордун синхрондуу кыймылы аркылуу кыргыз элинин бай тарыхы, улуттук маданияты, салт-санаасы жана көчмөн цивилизациясы менен байланышкан образдар асманда чагылдырылды.

Шоуда заманбап технологиялар менен кыргыздын тарыхый жана маданий мурасы айкалышып, миңдеген көрүүчүлөргө өзгөчө көркөм программа тартууланды.

"1500 дрондун жаркыраган шоусу Көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинин эң таасирдүү көрүнүштөрүнүн бири болуп, Кыргызстандын тарыхын жана маданий мурасын дүйнөгө таанытууга багытталды",-деп айтылат маалыматта.