VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Нарын облусу 12 сыйлыкка ээ болду

Көчмөндөр оюндары-2026 7 сентябрь 2026 15:50
Булак: Нарындагы өкүлчүлүк
copyright icon WWW

Бишкек, 07.09.26 /Кабар/. Нарын облусунун өкүлдөрү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн улуттук маданият, кол өнөрчүлүк жана салт-санаага байланышкан сынактарда ийгиликтүү катышып, жалпы 12 сыйлыкка татыды.

Анын ичинен экөө 1-орун, үчөө 2-орун, бешөө 3-орун, ошондой эле 2 өкүл атайын сыйлык менен сыйланды.

Нарын облусунун өкүлдөрү төмөнкүдөй жыйынтыктарды көрсөттү:

  • “Жашоо жарыш” сынагы — 3-орун;
  • Бий боюнча сынак — 3-орун;
  • Зергерчилик — 3-орун;
  • Теричилик — 3-орун;
  • “Көчмөндөр даамы” — 3-орун;
  • “Шамдагайлар” кыздар арасындагы сынагы — 2-орун;
  • Каада-салт сынагы — 2-орун;
  • “Мыкты боз үй” — 2-орун;
  • Жыгаччылык — 1-орун;
  • Саймачылык — 1-орун.