Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Ош шаарындагы облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын "Кыска мөөнөттүү бир күндүк көзөмөлдөө" бөлүмү капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин кайра ишке кирди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңыланган бөлүмдө балдарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
"Бөлүмдүн жаңыланышы балдарга медициналык кызматтын сапатын жакшыртууга багытталган", - деп айтылат маалыматта.