Уланбек Төрөгелдиев Суу ресурстары кызматынын директору болду

Кадрлар жана дайындоолор 25 август 2026 14:30
WhatsApp Image 2026-08-25 at 12.04.281.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-25 at 10.03.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-25 at 12.04.271.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-25 at 12.04.281.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-25 at 10.03.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-25 at 12.04.271.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Уланбек Төрөгелдиев Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.

Жаңы жетекчини бүгүн министр Эрлист Акунбеков мекеменин жамаатына тааныштырды.

Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Ал Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин жана Кыргыз улуттук агрардык университетин аяктаган.

Ал суу чарба тармагында 35 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Ар кайсы жылдары райондук суу чарба башкармалыктарында, Суу чарба жана мелиорация департаментинде жана Айыл чарба министрлигинин түзүмдөрүндө жетекчилик кызматтарды аркалаган.

2015-2016-жылдары Жайыттар департаментинин директору, 2017-жылы Суу пайдалануучулар ассоциацияларын колдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген.

2018-жылдан тартып Дүйнөлүк банктын суу чарба тармагындагы долбоорлорун ишке ашыруу боюнча жетекчилик кызматтарда эмгектенип, 2020-жылдан бери Суу ресурстары кызматындагы Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн директору болуп келген.