Базар-Коргон райондук архитектурасын Мелис Сыдыков жетектейт

Кадрлар жана дайындоолор
Базар-Коргон райондук архитектурасын Мелис Сыдыков жетектейт
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Сыдыков Мелис Акылбекович Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Базар-Коргон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчини Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад регионалдык архитектура башкармалыгынын башчысы Дастан Кадыров эмгек жамаатка тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Мелис Сыдыков буга чейин Базар-Коргон райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалаган.