Ноокен райондук архитектурасына жаңы жетекчи дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор
Ноокен райондук архитектурасына жаңы жетекчи дайындалды
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 10.11.26. /Кабар/. Сатаров Абдумалик Мажитович Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчини Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад аймактык Архитектура башкармалыгынын башчысы Дастан Кадыров башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.