Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болду

Кадрлар жана дайындоолор
Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болду
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Айдит Эркин Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Айдит Эркин буга чейин Кыргызстандын Бельгия Падышалыгындагы, Брюссель шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Нидерланды Падышалыгындагы жана Люксембург Улуу Герцогдугундагы элчиси, ошондой эле Кыргызстандын Европа биримдигиндеги туруктуу өкүлү кызмат ордун ээелеген.