Кыргызстан менен Бельгиянын эки тараптуу мамилелерин чыңдоо маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 11 Февраль 2025 15:54
A.Erkin - S.D'Hose  2025-02-10.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.02.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын элчиси Айдит Эркин Бельгиянын Федералдык парламентинин Борбор Азия өлкөлөрү менен достук тобунун жетекчиси - сенатор Стефани Доз менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуу Бельгия Падышачылыгы менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун алкагында өттү.

Жолугушууда элчи Эркин Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар, дипломатиялык мамилелердин отуз жылдан ашык тажрыйба, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарлар, анын ичинде парламентарийлердин өз ара иш сапарлары тууралуу маалымат берди.

Ошону менен бирге элчи Кыргызстан менен Евробирдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюу менен президент Садыр Жапаровдун Бельгияга жана Евробиримдигинин институттарына болгон сапары өзгөчө белгиледи.

Бельгия жана Евробиримдиги  менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулоодо тараптар Кыргызстанга берилген ВСП+ преференция режимин колдонуу менен текстиль, андан тышкары гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактар, жашыл технологиялар, сейрек кездечүү материалдар, айыл чарба, туризм, сыяктуу артыкчылыктуу багыттарга кеңири токтолушту.

Өз кезегинде бельгиялык парламентарий Кыргызстан менен өнөктөштүктү өнүктүрүүгө чын дилден кызыкдар экенин билдирип, парламенттер аралык байланыштарды да чыңдоого жана эки тараптуу мамилелердин экономикалык бөлүгүн активдештирүүгө, анын ичинде эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүүгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуу ишкердүүлүк жана достук маанайда өттү. Тараптар жогоруда айтылган макулдашууларды кадам-кадамы менен практикалык ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.