Ысык-Көлдө медкызматкерлерге эс алуу корпусу курула баштады

Ден соолук

Алдыга
Артка

copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.08.26 /Кабар/. Ысык-Көлдө “Ден соолук” ден соолукту чыңдоо борборунун жаңы корпусунун курулушуна старт берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жаңы комплекс дарыгерлер, фельдшерлер, медайымдар жана саламаттык сактоо системасынын бардык адистери үчүн ден соолукту калыбына келтирүүгө, күч-кубат топтоого жана үй-бүлөсү менен эс алууга ыңгайлуу заманбап жай болуп эсептелет.

Ал 40 орунга ылайыкташып, эс алуучулар үчүн ыңгайлуулукту камсыз кылып, жаңы, заманбап эмеректер менен жабдылат.

"Долбоор саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлүк төгүмдөрүнүн эсебинен курулуп жатат",-деп айтылат маалыматта.