Быйыл мектептерде 5 предметтин билим берүү стандарттары жаңыланат

Билим 26 Август 2026 19:19
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.49.jpeg
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 26.08.26. /Кабар/. Жаңы окуу жылынын алдында мектептерде бир катар предметтердин билим берүү стандарттарын жаңылоо маселеси каралды. Бул тууралуу бүгүн Агартуу министрлигинин коллегиясынын отурумунда айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, кыргыз билим берүү академиясынын жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгына ылайык, кыргыз тили жана окуу, математика, тарых, география жана аскерге чейинки даярдоо предметтеринин стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Максаты билим берүүнүн сапатын жогорулатуу болуп саналат.

Коллегияда ошондой эле жалпы билим берүү уюмдарындагы тарбиялык иштердин программасы, мектептик билим берүүнүн сапатын баалоо жана мониторинг жүргүзүү системасынын концепциясы талкууланды.

Мындан тышкары, айрым кесиптик билим берүү мекемелеринде аныкталган бузуулар каралып, тиешелүү жетекчилерге тартиптик чара көрүү чечими кабыл алынды.