Диетолог күзүндө D витаминин толуктоого жардам берген азыктарды атады

Ден соолук 27 август 2026 14:40
Диетолог күзүндө D витаминин толуктоого жардам берген азыктарды атады

Бишкек, 27.08.26. /Кабар/. Дарыгер-диетолог Марият Мухина күз мезгилинде организмдеги D витаминин толуктоого жардам бере турган азыктарды атады. Бул тууралуу Lenta.ru жазды.

Адистин айтымында, D витамини жаныбарлардан алынган азыктардын, анын ичинде сүт майларынын курамында болот. Анын эң бай булактарынын бири – треска (деңиз балыгы) боору.

Мындан тышкары, D витамини майлуу балыктарда, өзгөчө сельд балыгында, ошондой эле балыктын икрасында көп кездешет.

Диетологдун маалыматына караганда, бир аш кашык треска боору организмдин A жана E витаминдерине болгон суткалык муктаждыгын камсыздай алат.