Көчмөндөр оюндары: Кыргызстанга Голливуд жылдыздары келет — Кабар

Көчмөндөр оюндары: Кыргызстанга Голливуд жылдыздары келет

Көчмөндөр оюндары-2026 29 август 2026 13:30
images.jpg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20.jpeg
Алдыга
Артка
images.jpg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-08-29 at 13.15.20.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Бишкек, 29.08.26. /Кабар/. 1-сентябрда дүйнөлүк киноиндустриянын белгилүү өкүлдөрү Кыргызстанга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келет. Бул тууралуу оюндардын медиаштабынан билидиришти.

"Манас" эл аралык аэропортуна саат 07:05те америкалык актер, продюсер жана көп жолку дүйнө чемпиону Дон "Дракон" Уилсон, Голливуд актрисасы Бай Линг, польшалык кинопродюсер Збигнев Жмудский жана казак тектүү америкалык режиссер, продюсер жана актер Эркен Ялгашев келип түшөт.

"Чет өлкөлүк коноктор Ысык-Көл облусунда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий жана спорттук иш-чараларына катышат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле алар сапардын алкагында Кыргызстандын маданияты, каада-салты жана улуттук мурасы менен таанышат.

Эл аралык кино өкүлдөрүнүн Кыргызстанга сапары Дүйнөлүк көчмөндор оюндарынын өнөктөштөрүнүн колдоосу менен уюштурулууда. Башкы демөөрчү — "ЦУМ Айчүрөк" соода борбору. Уюштуруучусу — КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматова.