Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Америкалык режиссер Эрик Ялгашев "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу өз таасирлери менен бөлүшүп, Кыргызстандын кино тартуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгиледи.
Кинематографист жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, жергиликтүү тургундардын меймандостугун жана ак көңүлдүгүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда биргелешкен кинодолбоорлорду ишке ашырууга ниети бар экенин айтты.
"Силердин өлкөңөрдүн жүрөгү да, жан дүйнөсү да кең экен. Келечекте бул жерде кино өндүрүшүн баштоону каалайт элек. Көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чараны өткөргөнүңөр үчүн ыраазычылык билдирем. Кырчынга абдан таң калдык, бул даяр киноаянтча экен. Дүйнөдө адамдар жылдап убакыт коротуп түзгөн нерсени силер болгону эки айда куруп койдуңар. Бул — укмуштуудай эмгек. Мен коюучу режиссер Алтынбек Максутов менен таанышып, аны Голливудга чакырдым. Ал биздин америкалык режиссерлорго жана кино тармагындагы адистерге мастер-класс өтүп берсе деген сунуш айттым. Дүйнөнүн эч бир жеринде эки айдын ичинде мындай нерсе түзүлгөн эмес, биз буга чын дилибизден таң калдык. Режиссерлор бул жакка жөн гана учуп келбестен, чуркап келишет деп ишенем. Кырчын менен Бишкекте дагы бир эмес, бир нече тасма тартылат деп ойлойм", — деди Эрик Ялгашев.
Режиссер ошондой эле кесиптештеринин, анын ичинде америкалык мушташ өнөрүнүн чебери жана актёр Дон "Дракон" Уилсондун Ысык-Көлдүн кооздугуна болгон таасирин айтып, көлдү дүйнөнүн чыныгы кереметтеринин бири деп атады.
"Силерде кандай гана кереметтүү Ысык-Көл бар. Бул — көлдүн бети асман менен айкалышып кеткен дүйнөнүн кереметтеринин бири. Дон "Дракон" ушунчалык таң калгандыктан, бул деңизби же океанбы деп сурады", — деп кошумчалады ал.