Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде Ысык-Көл облусунда оюндардын катышуучуларына жана конокторуна медициналык жардам көрсөтүү уюштурулду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ”Кабар” агенттигине билдирди.
Министрдин айтымында, иш-чаралар өтүп жаткан бардык жайларда медициналык жардам көрсөтүү пункттары, тез жардам бригадалары, медициналык клиника жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдик госпиталы уюштурулду.
”Саат 12:00гө карата медициналык жардам алуу үчүн 1 миң 342 адам кайрылды. Алардын 135и чет өлкөлүк жарандар. Жалпысынан 229 жаракат катталды. 81 кайрылуу шашылыш же оор абалга байланыштуу болсо, 54 адам ооруканага жаткырылды”, — деди ал.
Мындан тышкары, министр Чолпон-Ата шаарындагы ооруканада нөөмөттөгү клиника уюштурулганын белгиледи. Учурда ага 2 миңге жакын адам кайрылды. Алардын болжол менен жарымын башка өлкөлөрдөн келген туристтер жана спортчулар түзөт. 200гө жакын адам ооруканага жаткырылды.
Министр бардык медициналык пункттарда тиешелүү жардам көрсөтүлүп жатканын айтты. Оор учурлар катталганына карабастан, өлүмгө алып келген фактылар болгон эмес.
Ал буга мисал катары буга чейин жүрөк кан тамырларына үч стент коюу операциясын өткөргөн жарандын абалын келтирди.
“Эркек киши инфаркт болуп, медициналык жардамга кайрылган. Мобилдик госпиталдын дарыгерлери текшерүү жүргүзгөндөн кийин, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте бейтапты тик учак менен Балыкчы шаарындагы ооруканага жеткиришкен”,-деди ал.
Дамир Осмоновдун айтымында, учурда бейтаптын абалы туруктуу.