Улуттук кардиологияда жүрөктү дарылоонун заманбап ыкмасы киргизилди

Ден соолук
1.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.03.23.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 11.10.58 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.54.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.54.37 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 09.54.37.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.23.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.25.43 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 10.25.43.jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 11.10.58 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-11-04 at 13.03.35.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда жүрөк ритминин бузулушун дарылоонун заманбап ыкмасы – электродсуз кардиостимуляторду имплантациялоо операциясы биринчи жолу жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Операция академик М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда француз адистеринин катышуусунда өткөн эл аралык мастер-класстын алкагында жасалды. Процедурага саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана француз профессору Элуа Марижон катышты.

Электродсуз кардиостимулятор кан тамыр аркылуу түздөн-түз жүрөккө орнотулат. Ал салттуу аппараттардан айырмаланып, электроддорду жана теринин астына атайын түзүлүштү орнотууну талап кылбайт.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Саламаттык сактоо министрлиги менен Париждин университеттик ооруканаларынын AP-HP бирикмесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ал кардиология жана онкология багыттарында тажрыйба алмашууну, адистерди окутууну жана биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камтыйт.