Москвада кыргыз делегациясына заманбап хирургиялык робот көрсөтүлдү

Коом 13 октябрь 2026 17:10
847747709_966302765917809_4977408906251086526_n.jpg
844966695_1726196525117263_4633933503399306727_n.jpg
842754793_2180845479132242_1206537286065629873_n.jpg
844575197_2563737220798173_274164958605487482_n.jpg
845360129_28696886009921647_8495467765167968013_n.jpg
845559359_1838430364013142_8973436842216266291_n.jpg
848815268_1145217378176597_4734925254896584974_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов баштаган делегация Москвадагы Россия хирургдарынын XVII съездинде заманбап роботтоштурулган хирургиялык жабдуулар менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, делегация жогорку технологиялуу, аз инвазивдүү операцияларды жүргүзүүгө арналган россиялык роботтоштурулган эндоскопиялык комплексти көрдү.

Мындай системалар хирургиялык аспаптарды так башкарууга, кичинекей кесүүлөр аркылуу операция жасоого жана операциялык аймактын чоңойтулган сүрөтүн көрүүгө мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда негизги аракеттер жана клиникалык чечимдер дарыгердин көзөмөлүндө калат.

Съездде "Аугментех" компаниясы иштеп чыккан роботтоштурулган эндоскопиялык комплекс да көрсөтүлдү. Маалыматка караганда, жабдуу тиешелүү сыноолордон өтүп, каттоо күбөлүгүн алган.

Белгилей кетсек, Россия хирургдарынын XVII съезди 12-14-октябрда Москвада өтүүдө. Анын алкагында хирургиядагы заманбап дарылоо ыкмалары, инновациялык медициналык технологиялар жана роботтоштурулган операцияларды өнүктүрүү маселелери талкууланууда.