Кырчында цирк артисттеринин өзгөчө өнөрү чет элдиктердин көңүлүн бурууда

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 16:20
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисти Амир Маматов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчында өтүп жаткан өнөр көрсөтүүлөргө даярдыктары тууралуу ”Кабар” агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, цирк артисттери Көчмөндөр оюндарына алты айдан ашык убакыт даярданышкан. Атайын жаңы костюмдар, бийик бут кийимдер жана керектүү реквизиттер даярдалган.

”Бизди чакырышканына абдан кубанычтабыз жана бул жерде өнөр көрсөтүп жатканыбызга ыраазыбыз. Бул жерде чет өлкөлүктөр абдан көп. Кыргызстанда мынчалык көп чет элдик конок келгенин биринчи жолу көрүп жатам”, — деди ал.

Цирктин башка артисттеринин айтымында, алар көрүүчүлөргө түрдүү трюктарды көрсөтүп, бийик бут кийимчен өнөр тартуулашат, акробатикалык номерлерди аткарышат.

”Биз күн сайын кеминде үч-төрт жолу өнөр көрсөтөбүз. Элге абдан жагып, биз менен сүрөткө түшүп жатышат”, — деп билдиришти артисттер.