Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Голливуд актрисасы Бай Лин "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу өз таасирлери менен бөлүштү.
Актриса Кыргызстандын жаратылышы, көлдөрү, гүлдөрү, аттары жана Кырчын жайлоосундагы иш-чаралардын заманбап уюштурулушу айкалышып, өзгөчө атмосфера жаратканын белгиледи.
"Мен рок-жылдыздардын бардык ири концерттеринде болдум, бирок алардын бири да Кыргызстанда көргөндөрүмө тең келе албайт. Бул жерде баары укмуштуудай: артыңда көл, жаныңда аттар – башка эч бир иш-чарадан мындайды көргөн эмесмин. Бул чындап эле өзгөчө жер", – деди Бай Лин.
Ошондой эле ал кыргыз аялдарынын улуттук кийимдерине суктанганын айтып, сапарды уюштурган Ассоль Молдокматова ага этностилдеги кийимдердин бүтүндөй топтомун белек кылганын белгиледи. Актрисанын айтымында, аны социалдык тармактардагы катталуучулары да жактырып, кийимдерди Америкага алып барып, кийип жүрөбү деп сурашкан.
"Баарын Америкага алып кетем", – деди Голливуд жылдызы.