Дон “Дракон” Уилсон: Кыргызстанда абдан даамдуу тамактарды жеп жатам

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 12:50
Дон “Дракон” Уилсон: Кыргызстанда абдан даамдуу тамактарды жеп жатам
copyright icon Кабар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. Америкалык актер, продюсер, мушташ өнөрүнүн чебери жана кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир ннече жолку чемпиону Дон ”Дракон” Уилсон Кыргызстанда жүргөндөгү жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуудагы таасирлери менен бөлүштү.

Ал Чолпон-Ата шаарындагы ”Газпром” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөн маалымат жыйынында мындай масштабдагы иш-чарага биринчи жолу катышып жатканын айтып, Кыргызстандын тарыхы менен таанышып, спорттук мелдештерди кызыгуу менен көрүп жатканын белгиледи.

”Мындай иш-чарага биринчи жолу катышып жатам. Бул абдан толкундантты, анткени Кыргызстандын тарыхы тууралуу көп жаңы маалымат алып, мелдештерди көрүп жатам”, — деди ал.

Дон Уилсондун айтымында, бул анын Кыргызстанга экинчи келиши. Ал өлкөгө биринчи жолу кикбоксинг боюнча мелдешке келген.

”Бул Кыргызстанга экинчи келишим. Алгач кикбоксинг боюнча мелдешке келсем, эми Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдим”, — деди актер.

Ошондой эле ал кыргыз элинин меймандостугуна жана улуттук тамак-ашына жогору баа берип, сапар учурунда адаттагыдан көбүрөөк тамактанып жатканын тамаша иретинде айтты.

”Бул жер мага абдан жагып жатат. Айрыкча тамак-ашы. Абдан даамдуу тамактарды жеп жатам. Атүгүл өтө көп жеп жатам. Балким, бул жердеги жалгыз кемчилик — абдан көп тамактанып жатканым”, — деп кошумчалады Дон ”Дракон” Уилсон.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.