Польшалык кинопродюсер Кыргызстанды башкача элестеткенин айтты

Коом 8 сентябрь 2026 15:10
Польшалык кинопродюсер Кыргызстанды башкача элестеткенин айтты
copyright icon Кабар

Бишкек, 08.09.26. /Кабар/. Польшалык кинопродюсер, "Петя и волк" анимациялык тасмасы үчүн "Оскар" сыйлыгынын ээси, Европа киноиндустриясынын өкүлү Збигнев Жмудский "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан өлкөго келгенге чейин элестеткенине караганда алда канча заманбап экенин билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстан тууралуу түшүнүгү Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын жана "Биринчи мугалим" тасмасынын таасири астында калыптанган.

"Мен өзүмө Кыргызстан дал ушул "Биринчи мугалим" тасмасында көрсөтүлгөндөй өлкө деп элестетчүмүн. Балким, бир аз эски заманды элестеткен, боз үйлөргө бай, мал чарбачылыгы менен алектенген адамдар жашаган өлкө катары түшүнчүмүн", — деди ал.

Ошол эле учурда кинопродюсер Кыргызстан тууралуу башка репортаждарды көргөндөн кийин бул жаратылышы керемет, Ысык-Көлү бар ажайып өлкө экенин түшүнгөнүн белгиледи.

"Ал эми Кыргызстанга келгенде, бул өлкөнүн Польша сыяктуу эле заманбап экенин көрдүм, сездим жана байкадым", — деди Збигнев Жмудский.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн салт-санаага болгон мамилесиндеги айырмачылыкка токтолду. Анын айтымында, Польшада салт-санаа бир аз экинчи планда турат жана Кыргызстандагыдай деңгээлде колдоого алынбайт.