Кыргызстанда психиатрлардын саны эки эсеге азайды – депутат

Коом Загрузка... 18 Март 2026 13:27
Shkolynyj_psiholog.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы 15 жылда психиатрлардын саны эки эсеге азайган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Акимбаева билдирди.

Ал өлкөдө психикалык саламаттык, өзгөчө балдар менен иштөө тармагында квалификациялуу адистердин жетишсиздиги курч болуп жатканын белгиледи.

“Учурда республика боюнча психиатрлардын саны болгону 136 адамды түзөт. Ал эми нормативдик эсептөөлөр боюнча ар бир 40 миң кишиге бир психиатр туура келиши керек. Бул көйгөйдү чечүү үчүн адистерди даярдоого өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ата мекендик жогорку окуу жайларында адистештирилген социалдык кызматкерлерди жана педагогдорду даярдоо боюнча системалуу программалар жетишсиз. Ошол эле учурда коңшу өлкөлөрдө, мисалы, Казакстанда мындай программалар ийгиликтүү ишке ашырылып, заманбап ыкмаларды, анын ичинде ABA-терапиясын камтыйт”, — деп билдирди ал.