Кыргызстанда миң айылга күндөн энергия алуучу станциялар орнотулат

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 09:41
---------------------------------------1.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Өлкөдөгү 1 миң айыл электр жарыгын эми күндөн алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев атайын кызматтын Тоң райондук бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышында билдирди.

Анын айтымында, бул айылдарга күнүнө 1 мегаваттан күндөн энергия алуучу станциялар орнотулат.

"Станциялар күндүзү 6-7 саат, түнү 2 саат электр энергия берет. Тагыраагы, 6-7 саатка чейин электр энергияны суудан албай, күндөн алып турабыз",-деди ал.