Кыргызстанда ишкер аялдар кандай тоскоолдуктарга дуушар болот?

Коом Загрузка... 05 Март 2026 17:05
5.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 05.03.26 /Кабар/. Кыргызстанда аялдардын ишкердигиндеги эң курч көйгөйлөрдүн бири — насыя алуу учурунда күрөө мүлкүнүн жетишсиздиги. Бул тууралуу "Кепилдик фонду" ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Рейна Курманкожоева Ring the Bell for Gender Equality соодасынын ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, аялдар бизнес жүргүзүүдө төмөнкүдөй негизги тоскоолдуктарга туш болушат:

  • аялдардын атына катталган мүлктөрдүн аздыгы;
  • финансылык ресурстарга жетүүнүн татаалдыгы;
  • финансы институттары менен иштешүүдө каржылык сабаттуулуктун төмөндүгү.
"Биздин максат — күрөө мүлкүнүн же ресурстардын жоктугу ишкер айымдар үчүн тоскоолдук болуп калбашына шарт түзүү", — деп баса белгиледи Рейна Курманкожоева.

Маалымат үчүн: "Кепилдик фонду" ААК 2016-жылы өкмөт тарабынан ишкерлерге насыя алууда кепилдик берүү аркылуу каржылоого жол ачуу максатында түзүлгөн. Фонддун акционерлери – министрлер кабинети жана Улуттук банк. Бул анын стратегиялык туруктуулугун камсыздайт.