Кыргызстанда электромобилдердин саны бир жылда 3 эсеге көбөйдү

Коом Загрузка... 23 Февраль 2026 15:10
087cee68-358a-4e57-a647-b755d531dc4c.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. 2026-жылдын 1-январына карата республика боюнча катталган унаалардын жалпы саны 1 млн 909 миң 961ди түздү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Бул көрсөткүч 2024-жылдагы 1 млн 697 миң 100 унаага салыштырмалуу 13 пайызга өскөнүн көрсөтөт. Катталган унаалардын түзүмү төмөнкүдөй:

  • 972 миң 252 – бензин менен жүргөн унаалар (51%);
  • 57 миң 310 – газ менен жүргөн унаалар (3%);
  • 339 миң 938 – дизель унаалары (18%);
  • 56 миң 997 – газ/бензин аралаш (3%);
  • 37 миң 295 – гибрид унаалар (2%);
  • калганы – башка түрлөрү.

2025-жылдын жыйынтыгы менен республика боюнча 15 миң 278 электромобиль катталды, бул жалпы унаалардын 0,8 пайызын түзөт. Акыркы жылдардагы өсүү динамикасы туруктуу экенин белгилей кетүү зарыл:

  • 2022-жылы – 1 113 электромобиль;
  • 2023-жылы – 2 310 электромобиль;
  • 2024-жылы – 3 122 электромобиль;
  • 2025-жылы – 9 870 электромобиль.

Ошондой эле автопарктын жаңылануу тенденциясы байкалууда. 2024-жылы 5 жылга чейинки унаалардын үлүшү 1,5 пайызды түзсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 4,5 пайызга жетти.

Бүгүнкү күндө Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте Бишкек шаарында "жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландаштырылууда. Азыркы учурда долбоорду ишке ашыруу механизмдери жана мүмкүнчүлүктөрү тараптардын катышуусунда талкууланып жатат.

"Экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүү – айлана-чөйрөнү коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана туруктуу шаардык өнүгүүнү камсыз кылуу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат. Иш-чаралар мындан ары да ырааттуу түрдө улантылат",-деп айтылат маалыматта.