Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети жана Жогорку экономика мектебинин өнөктөштүгүндө өлкөдөгү алгачкы Эл аралык кесиптик билим берүү жана кадрдык инженерия институту ачылды.
Иш-чарага Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинин улук директору Андрей Лавров, Кыргыз-Россия Славян университетинин ректору Сергей Волков, Санкт-Петербург шаарындагы Жогорку экономика мектебинин кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Елена Скалон, “Альянс Алтын” ЖЧКсынын башкы директору Сабир Рахматов, “TS Solution” компаниясынын негиздөөчүсү Михаил Зимин катышты.
Белгилей кетсек, Эл аралык кесиптик билим берүү жана кадрдык инженерия институтун ачуу Кыргызстанда жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү билим берүүнү өнүктүрүүдө маанилүү кадам.
Институттун негизги максаты - санариптик технологиялар, бизнес, эл аралык кызматташтык жана креативдүү индустриялар тармагында заманбап компетенттүү адистердин жаңы муунун даярдоо.
Окуу жайга дүйнөлүк эмгек рыногунун учурдагы талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан алдыңкы билим берүү тажрыйбалары жана программалары киргизилет.
Институтта төмөнкү багыттар боюнча кадрлар даярдалат:
- чет тилдер жана эл аралык кызматташтык;
- санариптик компетенциялар жана информатика;
- чыгармачыл индустрия жана дизайн.
Окутуу заманбап санариптик билим берүү платформаларын колдонуу менен гибрид форматында өтөт.