Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстандык таланттуу жаштар Сингапур жана Кытайдын алдыңкы илимий борборлорунда билим алуусу жана изилдөө жүргүзүшү мүмкүн. Бул маселе Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариевдин физика боюнча Нобель сыйлыгынын 2010-жылдагы лауреаты, Сингапур улуттук университетинин профессору Константин Новосёлов менен жолугушуусунда талкууланды.
Мекемеден билдиришкендей, жолугушууга аталган университеттин Функционалдык интеллектуалдык материалдар институтунун эл аралык байланыштар боюнча директору, профессор Гэ Ци да катышты.
Тараптар кыргызстандык жаш окумуштууларды гранттык негизде чет өлкөлөрдөгү билим берүү жана илимий изилдөө программаларына тартуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле таланттуу жаштарды тандоо жана чет өлкөлүк илимий борборлор менен кызматташууну уюштуруу маселелерине көңүл бурулду.
Темир Сариев адамдык капиталга инвестиция салуу жана өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүү инновациялык экономиканы калыптандырууда маанилүү экенин белгиледи.