Шанхайда Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү ачылды

Экономика 21 сентябрь 2026 10:20
795472550_1506499171496436_1087826507047285558_n.jpg
795664101_1506499158163104_3773949479103017045_n.jpg
799854170_1506499168163103_2954915377254389207_n.jpg
800925177_1506499161496437_2952207582073144095_n.jpg
819164589_1506499174829769_5070182515772925922_n.jpg
819470870_1506499164829770_5026824300316854337_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 21.09.26. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы Кытайдын Шанхай шаарында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты. Анын ачылыш аземине палатанын президенти Темир Сариев катышты.

Мекеменин маалыматына караганда, Шанхай Кытайдын ири финансылык, технологиялык, өнөр жай жана логистикалык борборлорунун бири болуп саналат. Өкүлчүлүктүн ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүүгө багытталган.

Буга чейин Темир Сариев Кытай менен 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүү демилгесин көтөргөн. Шанхайдагы өкүлчүлүктүн ачылышы бул демилгени ишке ашыруунун практикалык кадамдарынын бири болуп саналат.

"Биздин максатыбыз жөн гана Кытай менен сооданы көбөйтүү эмес. Биз Кытайдын технологиясын, инвестициясын жана өндүрүш тажрыйбасын Кыргызстанга алып келүүнү каалайбыз", – деди Темир Сариев.

Анын айтымында, бул биргелешкен ишканаларды, жумуш орундарын жана жогорку кошумча нарктагы продукцияларды түзүүгө өбөлгө болот.