Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Санжар Дыйканов Кытайдын Гуйчжоу провинциясынын Эл аралык сооданы өнүктүрүүгө көмөктөшүү комитетинин делегациясы менен жолукту.
Мекемеден билдиришкендей, анда Кыргызстандын ишкерлерине Кытайдын Гуйчжоу провинциясында өтө турган эл аралык көргөзмөгө катышуу жана жаңы бизнес-өнөктөштөрдү табуу мүмкүнчүлүгү сунушталды.
Белгиленгендей, 2027-жылдын сентябрында өтө турган көргөзмөгө Кытайдын 34 провинциясынын өкүлдөрү катышат. Кыргыз компаниялары алкоголдук ичимдиктерден башка өз продукцияларын сунуштай алышат.
Ошондой эле энергетика, курулуш, трансформатор өндүрүү жана шаар куруу тармактарында кызматташууну өнүктүрүү үчүн Гуйчжоу провинциясына бизнес-сапар уюштуруу сунушталды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу жолдорун талкуулоого макулдашты.