Кыргызстан Пакистанда Соода үйүн ачуу демилгесин колдоду

Экономика
Кыргызстан Пакистанда Соода үйүн ачуу демилгесин колдоду
copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 20.10.26. /Кабар/. Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Авазбек Керимбаев Пакистандын ардактуу консулу К.Мехер жана ишкерлер делегациясы менен жолугушту.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматына караганда, анда Кыргызстандын Пакистандагы Соода үйүн ачуу жана эки өлкөнүн ишкердик байланыштарын кеңейтүү маселелери талкууланды.

Пакистандын ишкерлери зайтун майы, текстиль, косметика, курулуш материалдары жана цемент тармактарында кызматташууну сунушташты. Ошондой эле кыргыз балын жана кол өнөрчүлүк буюмдарын Пакистан рыногуна чыгаруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Тараптар Лахордогу бизнес-форумга катышуу, виза маселелери, туризмди жана банктар аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча да пикир алышты.

Пакистандык делегация EXPO 2026 көргөзмөсү жаңы өнөктөштөрдү табууга шарт түзгөнүн белгиледи.