Темир Сариев: Жапаровдун бир жактуу санкциялар боюнча позициясы туура

Пикир 23 сентябрь 2026 16:20
Темир Сариев: Жапаровдун бир жактуу санкциялар боюнча позициясы туура

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.09.26 /Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Темир Сариев президент Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясындагы бир жактуу санкциялар боюнча айткан сөзүн колдой тургандыгын “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ар бир мамлекеттин өзүнүн өнүгүү жолу бар жана күчтүү мамлекеттер өз кызыкчылыктарын башка өлкөлөргө таңуулабашы керек.

“БУУнун Башкы ассамблеясынын дебаттарында Кыргызстан эл аралык санкциялар системасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү сунуштады. Бул туура сунуш. Эмне үчүн күчтүү мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыгын бизге таңуулап жатат? Ар бир мамлекеттин өзүнүн жолу бар. Биз эл аралык стандарттарды колдонуп, эл аралык келишимдерге жооп бере турган чечимдерди аткарабыз. Ал эми бир мамлекеттин бир жактуу санкциялары сөзсүз аткарылышы керек болгон келишим же талап эмес”, — деди Темир Сариев.

Ошондой эле ал бул позиция акыркы жылдары дүйнөдө күчөгөн геосаясий тирешүүлөрдүн жана топ-тобу менен киргизилип жаткан экономикалык чектөөлөрдүн экономикасы чакан мамлекеттерге тийгизген терс таасиринен улам келип чыкканын кошумчалады.

“Ал эми Кыргызстан эл аралык стандарттарды колдонуп, өзү кол койгон эл аралык келишимдердин негизинде милдеттенмелерди так аткарып жатат. Андыктан бир тараптуу чектөөлөр милдеттүү түрдө аткарыла турган талап болуп эсептелбейт.

Ал эми айрым бир мамлекеттер же саясий блоктор тарабынан бир тараптуу киргизилген санкциялар жалпы дүйнөлүк коомчулук тарабынан жактырылган эл аралык келишим же талап эмес. Эң негизгиси, президент БУУнун трибунасын таасирдүү түрдө колдоно алды. Иш жүзүндө Кыргызстан Коопсуздук кеңешиндеги эки жылдык мүчөлүгү маалында эл аралык коомчулук талкуулап жаткан олуттуу маселелерди көтөрө турганын алдын ала жарыялады десе болот”, - деди ал.