Бишкек, 15.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда Кыргыз-Кытай эл аралык технологияларды трансферттөө борборунун филиалы ачылды. Ал эки өлкөнүн технологиялык, инвестициялык жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган аянтча боло тургандыгын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, борбордун ачылыш аземине Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана Үрүмчү шаарынын мэри Шэнь Лин баштаган кытайлык делегация катышты.
Борбор Кытайдан заманбап технологияларды жана жабдууларды издөөгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, өндүрүштү локалдаштырууга жана инвестиция тартууга көмөктөшөт. Долбоорлор идея жаралгандан тартып өндүрүш ишке киргенге чейин коштолот.
Ошондой эле Кыргызстандын Кытайдагы Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүгү менен Кыргызстандагы борбор технологияларды жана өнөктөштөрдү издөө боюнча бирдиктүү механизм катары иш алып барат.