Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда 2- жана 8-класстардын окуучулары үчүн жалпы 297 миң 155 окуу-методикалык комплект басылып чыкты.
"Окуу китеби" басма үйүнүн маалыматына караганда, анын ичинен кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн 182 миң 255, орус тилинде окутулган мектептер үчүн 114 миң 900 комплект даярдалды.
Атап айтканда, 2-класстар үчүн 144 миң 680, 8-класстар үчүн 152 миң 475 комплект басылды.
"Окуу-методикалык комплекттер өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү бөлүмдөрүнө жеткирилип, андан соң мектептерге таратылат",-деп айтылат маалыматта.