Бишкек, 03.11.26. /Кабар/. Мектептерди окуу китептери менен камсыз кылуу жана аларды билим берүү уюмдарына бөлүштүрүү тартибин жөнгө салуу үчүн жумушчу топ түзүлдү.
"Окуу китеби" басма үйүнүн маалыматына караганда, 2-ноябрда жумушчу топтун жыйыны өтүп, анда окуу китептерин мектептерге бөлүштүрүү жана өткөрүп берүү тартиби жазылган жобонун долбоору тааныштырылды.
"Жумушчу топтун курамына тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирди. Алар мектептердин китептерге болгон муктаждыгын аныктоо, өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана кароо, китептерди бөлүштүрүү, бааларды белгилөө жана төлөмдөрдү жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгат",-деп айтылат маалыматта.