Соода-өнөр жай палатасы тигүү тармагын өнүктүрүү үчүн эксперттик топ түзөт

Экономика 30 Январь 2026 14:20
622129398_1305251524954536_169855791874436260_n.jpg
624755704_1305251534954535_2509973784698906759_n.jpg
622672044_1305251538287868_9179296628686118336_n.jpg
Алдыга
Артка
622129398_1305251524954536_169855791874436260_n.jpg
624755704_1305251534954535_2509973784698906759_n.jpg
622672044_1305251538287868_9179296628686118336_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 30.01.26. Кабар/. Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тигүү тармагынын өкүлдөрү менен негизги өнүгүү маселелерин талкуулоо үчүн жолукту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, талкууда Соода-өнөр жай палатасында бизнес өкүлдөрүнүн, тармактык ассоциациялардын жана тармактык адистердин катышуусунда эксперттик жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жумушчу топтун артыкчылыктуу милдеттери:

  • тигүү тармагындагы ак ниет ишкерлер реестрин түзүү;
  • чакан тигүү цехтерин бейформал сектордон акырындык менен алып салуу механизмдерин иштеп чыгуу;
  • тармактагы ишканаларга кредиттик каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык-айкын жана адилеттүү схемасын иштеп чыгуу;
  • тигүү жумушчулары жана башкаруучу персонал үчүн окутуу программаларын жана кесиптик өнүгүүнү уюштуруу; тармактын өсүшү жана модернизацияланышы үчүн туруктуу шарттарды түзүү боюнча сунуштарды даярдоо.

Темир Сариев палата бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосундагы диалог үчүн кызмат кылууга, ошондой эле ачык-айкын, атаандаштыкка жөндөмдүү жана экспортко багытталган кийим тигүү өнөр жайын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.