Мектеп окуучулары үчүн жаңы окуу-методикалык комплекстер даярдалат

Билим 30 сентябрь 2026 18:00
828311747_1407207591593022_3411190180575516638_n.jpg
828342810_1493744932579564_672874409422217174_n.jpg
825293087_4760191550882044_3657876392568963542_n.jpg
825373754_2012538242740759_6312283183885647360_n.jpg
825644204_1622412359551998_5877075337773353734_n.jpg
828955141_1606747467610548_2567639089973783458_n.jpg
829189651_1583166730228137_1110749960361680894_n.jpg
829512691_1463217585953883_1955283485462057471_n.jpg
829549858_983466017719949_536633285004481834_n.jpg
833060626_1130907496073916_5382911278936938190_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 30.09.26. /Кабар/. Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарын жаңы окуу-методикалык комплекстер менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Бул тууралуу бүгүн Агартуу министрлигинде өткөн кеңешмеде сөз болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйын министр Догдуркүл Кендирбаеванын төрагалыгы алдында өттү.

Министрдин айтымында, жаңы окуу китептери окуучулар үчүн иш дептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмо менен коштолот. Китептер илимий жана педагогикалык экспертизадан өтүп, андагы маалыматтар илимий булактарга жана фактыларга таянууга тийиш.

Кеңешмеде окуу-методикалык комплекстерди даярдоо, басып чыгаруу жана алардын сапатын камсыз кылууда мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана жогорку окуу жайлардын өз ара иштешүүсү талкууланды.

Жыйынтыгында окуу-методикалык комплекстерди даярдоо жана мектептерди алар менен камсыз кылуу боюнча бирдиктүү иш-план иштелип чыгып, макулдашылмай болду.