Бишкек, 14.10.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Япония мектептик билим берүүгө санариптик технологияларды жана заманбап окуу материалдарын киргизүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
13-октябрда министрликте Япониянын Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин делегациясы, элчиликтин өкүлдөрү жана япон компанияларынын катышуусунда тегерек стол өттү.
Учурда SPRIX Inc. компаниясы менен биргеликте математикалык билимди баалоочу TOFAS системасы 28 мектепте сыноодон өткөрүлүүдө. 12-октябрга карата тестирлөөгө 8 428 окуучу катышкан.
Ошондой эле кыргыз тилинде билим алган 5-класстын окуучулары үчүн "Табият таануу" предметинен санариптик окуу материалдары эксперттик баалоодон өтүп жатат. Тараптар жасалма интеллектти колдонуу жана санариптик билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн да карашты.