Кыргызстанда дарыгерлерге кезексиз 5 миң ипотекалык батир берилет

Коом 31 декабрь 2025 10:15
Кыргызстанда дарыгерлерге кезексиз 5 миң ипотекалык батир берилет
copyright icon KABAR Кабар

Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Кыргызстанда саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кезексиз 5 миң батир берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов өлкөдөгү балдар медициналык мекемелерине барган учурда билдирди.

"Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине кезексиз 5 миң ипотекалык батир берүү чечими кабыл алынды. Аталган чаралар медицина кызматкерлерин социалдык жактан коргоого, системада кадрларды кармап калууга жана медициналык кесиптин кадыр - баркын көтөрүүгө багытталган", - деп белгиледи ал.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга жогорулай турганын эскертти.