Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Коомчулуктун жана жүргүнчүлөрдүн суроо талабын эске алуу менен Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездди 3-4-октябрь күндөрү кошумча каттамга чыгат
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыз кылуу жана аталган багыттагы транспорттук жеткиликтүүлүктү жогорулатуу максатында поезд белгиленген графикке ылайык каттайт.
Белгилей кетсек, поезддин жүрүү убактысы жана жол кире акысы өзгөргөн жок. Каттам мурдагы белгиленген графикке ылайык жүргүзүлөт