Кыргызстан менен Өзбекстан аскердик кызматташтыкты бекемдейт

Коом 29 сентябрь 2026 15:30
1.jpg
825997922_1140981631771802_3901437288531321789_n.jpg
828471237_1773566153852816_8521054004388566355_n.jpg
828532985_3695004107342891_7103682828137199361_n.jpg
Алдыга
Артка
1.jpg
825997922_1140981631771802_3901437288531321789_n.jpg
828471237_1773566153852816_8521054004388566355_n.jpg
828532985_3695004107342891_7103682828137199361_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Коргоо министрлиги

Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Коргоо министри Руслан Мукамбетов Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев менен аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Ведомстводон маалыдашкандай, жолугушууда аскердик чөйрөдө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, аскер кызматчыларынын тажрыйба алмашуусу, биргелешкен иш-чараларды өткөрүү жана аскер кадрларын даярдоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, Кыргызстанда өтүшү пландалган КМШга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына даярдык көрүү маселеси талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар коргонуу жаатындагы эки тараптуу байланыштарды мындан ары чыңдоого даяр экенин билдиришти.